SerepTV Logo

Алымкадыр Бейшеналиев: "Дарыгерлер менен медайымдар эмес, эметкендер ооруп жатышат"

Алымкадыр Бейшеналиев: "Дарыгерлер менен медайымдар эмес, эметкендер ооруп жатышат"
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Аккулу Бердиев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге медицина кызматкерлеринин эмдөөдөн өтүп, бирок ооруп жаткандар катталып жатканы тууралуу суроо берди. Депутат: Бардык медицина кызматкерлери эмдөөдөн өттү да? Министр: 70 пайызы эмделди. Калгандарынын өзүлөрүнүн антителолору көп экен. Алар албай турат. Депутат: Медкызматкерлерден көп ооруп жатат да. Буга эмне себеп болуп жатат? Министр: Аккулу Тагаевич, биз медкызматкерлерди күнүгө текшеребиз. Ал жерде дарыгерлер менен медайымдар эмес, эметкендер ооруп жатышат. Биз аларды да карап атабыз да. Алымкадыр Бейшеналиев эметкендер кимдер экенин тактаган жок.
edita