Мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиев жаңы кызматка дайындалды
Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын Бириккен улуттар уюмундагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын май айына чейин Билим берүү жана илим министри болуп иштеген.