SerepTV Logo

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Мамбетов 2021-жылдын августунан бери Ош шаарынын мэри болуп иштеп келген. Ага чейин ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгын жетектеп келген.

edita