SerepTV Logo

Максат Мамыткановдун ордуна ЕЭКтин жаңы министри дайындалды

Максат Мамыткановдун ордуна ЕЭКтин жаңы министри дайындалды
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 20-февралдагы чечими менен Элдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсү (министри) болуп дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги бажы кызматташтыгы маселелери кирмекчи. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Буга чейин Алишеров 2022-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген. Өмүр баяны 1985-жылы - Бишкек шаарында төрөлгөн. 2007-жылы - Санкт-Петербург мамлекеттик университетин "Дүйнөлүк экономика" адистиги боюнча, ал эми 2017-жылы Мамлекеттик башкаруу академиясынын магистратурасын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча аяктаган. Мамлекеттик кызматта эмгек жолун Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинде баштап, 2008-жылдан 2010-жылга чейин бөлүм башчысы кызматынан баштап, министрдин жардамчысына чейинки жолду басып өткөн. 2011-2014-жылдары бизнес-сектордо иштеген. 2014-жылдан 2017-жылга чейин өкмɵттүн аппаратында иштеген. 2018-2022-жылдары экономика министринин орун басарынын кызматын ээлеген. 2022-жылы президенттин администрациясынын Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 2023-жылдын 1-мартынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын бажы кызматташтыгы боюнча мүчөсү (министр) болуп дайындалды. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
edita