SerepTV Logo

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга барат

Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Казакстанга барат
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. "Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаровдун Казакстанга алдыдагы жумушчу сапарын уюштуруу маселеси, ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды", - деп айтылат маалыматта. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев белгилегендей, Министрлер кабинетинин төрагасынын жумушчу сапарын жогорку уюшкандык деңгээлде өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө. Анын айтымында, мурда жетишилген келишимдердин алкагында казак инвестицияларын тартуу менен индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча иштер аткарылууда. Жакынкы арада инвесторлордун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.