SerepTV Logo

Акылбек Жапаров Атамбаевге: "СИЗО-1де болгон эмесмин, Кудай сактасын барбайм"

Акылбек Жапаров Атамбаевге: "СИЗО-1де болгон эмесмин, Кудай сактасын барбайм"
"Сиз акыркы жолу СИЗО-1ге качан бардыңыз эле?" деп суроо салды Акылбек Жапаровго депутат Сеид Атамбаев. "Ал жерде болгон эмесмин. Кудай сактасын, барбайм", - деди Жапаров.  "Мен тамалашап сураган жокмун. Камактагылардын көбү, өзгөчө аялдар чиновниктер келип, баарын өз көзү менен көрүүнү суранышат. Кеп жада калса шартта эмес, бир камерада канча адам отурганында», - деди депутат. 

Акылбек Жапаров Акыйкатчы менен прокурорлорду СИЗО-1ге барып көрүүнү суранарын убада кылды. «Биздин пландарыбыз бул мекемелердин баарын шаардын сыртына алып чыгып, эл аралык стандарттарга ылайык жаңы имараттарды куруу. Бишкек, Каракол жана Жалал-Абад сыяктуу ири шаарлардагы бардык СИЗО жана түрмөлөр конуштардан чыгарылат», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.