SerepTV Logo

"Ак бата" партиясы Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуудан баш тартты

"Ак бата" партиясы Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуудан баш тартты
Бүгүн, 11-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого "Ак бата" партиясы катышпайт. Бул тууралуу аталган партиянын жетекчиси Нариман Түлеев журналисттерге билдирди. Кечээ, 10-июнда Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого катышуудан Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы баш тарткан эле. Буга чейин 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 6 партия босогодон өткөн. Анын катарында Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы жана "Ак бата" бар эле.
Unknown Author