SerepTV Logo

Айсулуу Мамашова Атазов экөөнүн кайым айтышуусу боюнча: "Ал муштум менен эмес, добуш менен чечилет"

Айсулуу Мамашова Атазов экөөнүн кайым айтышуусу боюнча: "Ал муштум менен эмес, добуш менен чечилет"
23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Ата-Мекен» фракциясынын депутаттары кайым айтыша кетишкен. Анда эки жаат болгон Айсулуу Мамашова менен Шайлообек Атазовду башка эл өкүлдөрү ажыратып калышкан. Мындан улам соцтармактын колдонуучулары аял кишиге карата жасаган мамилесинен улам Шайлообек Атазов сынга алынган. Бирок ал эртеси кесиптеши Айсулуу Мамашова менен болгон окуя боюнча Фейсбук баракчасына жазып чыккан. Анда депутат Мамашова менен урушпаганын, экөө бири-бирин кечиришип алганын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги бул окуя боюнча экинчи тараптын, тактап айтканда, Айсулуу Мамашованын оюн укту. "Атазов лидердин орун басарлыгынан кеткенине абдан нааразы болду. Бирок көпчүлүктүн чечимин сыйлаш керек. Ал муштум менен чечилбейт, добуш менен чечилет", - деди. Редакциянын "Сиз да Шайлообек Атазовду кечирдиңизби?" деген суроосун депутат айым жоопсуз калтырды.
edita