SerepTV Logo

Аида Касымалиева кесиптештерин болочок депутаттарга иш бөлмөлөрүн өткөрүп бербөөгө чакырды

Аида Касымалиева кесиптештерин болочок депутаттарга иш бөлмөлөрүн өткөрүп бербөөгө чакырды
Жогорку Кеңештин төрайымынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева депутаттарды болочок депутаттарга иш бөлмөлөрүн өткөрүп бербөөгө чакырды. «Бул маселени өз ара чечүүнүн кереги жок, анткени алар өздөрү комиссия түзүп, бөлүштүрүү менен алектенет», - деди ал. Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, парламентке бирдиктүү округ боюнча 6 партиядан 54 депутат жана бир мандаттуу округдардан 34 талапкер шайланды. Ал эми шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабарда чыгат.