Адахан Мадумаров: "Коопсуздук кызматынын жетекчисинин парламентке эки ящик автомат көтөрүп келгени - жапайычылык"
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча "Кемпир-Абад кетиптир" деген ызы-чуу катуу кетип бара жатат. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште билдирди.
"Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси эки ящик автомат көтөрүп, парламенттин ичине кирип келгени - жапайычылык. Бул чектен чыккандык. Ар бир кыймыл-аракетке мыйзамдуулук, укуктук тарабынан баа беришибиз керек", - деди ал.