SerepTV Logo

Мадумаров Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өткөнүн билдирди. Бийлик бул маалыматты ырастай элек

Мадумаров Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өткөнүн билдирди. Бийлик бул маалыматты ырастай элек
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" жазды. "Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да", - деди Мадумаров. Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек.