SerepTV Logo

Адахан Мадумаров: "Бул коркутуу күчтөндүрүүгө алып барат"

Адахан Мадумаров: "Бул коркутуу күчтөндүрүүгө алып барат"
Мындан эки күн мурда 20дан ашуун саясатчылар жана жарандык активисттердин үйүндө тинтүү жүрүп, кармалып, андан ары алар камакка алынышты. Ички иштер министрлигинен бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Биз массалык кармоолорго байланыштуу депутаттардын пикирин билип көрөбүз. Депутат Адахан Мадумаровдун айтымында, мыйзам, Конституция деген түшүнүктөр четке кагылууда. "Бул абдан жакшы эмес көрүнүш, жакшылыкка алып келбейт. Бийлик тараптагылар, бийликке ыктап жүргөндөр деле бир ооздон "бул жакшылыкка алып келбейт" деп жатышат. Элдин өзүнүн укугу бар. Жерди, сууну сактоо бул милдет болуп саналат. Анын баарын душман көрүп жатышат. Бул коркутуу күчтөндүрүүгө алып барат. Бул чыңалууга алып барат", - деди ал. https://youtu.be/wU87GAL6QPo