40 миң тонна ун, 20 тонна кумшекер... Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам берет
Сиань шаарындагы буга чейинки эки тараптуу кыргыз-кытай сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын азык-түлүк жардамы катары берүү жана 350 миллион юань (54 миллион доллар чамасында) акча каражатын грант түрүндө бөлүү маселесин чечкен. Бул каражатты өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшоо пландаштырылууда. Мындан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстанга 150 миң доза Кытай вакцинасынын экинчи партиясын кайтарымсыз негизде гуманитардык жардам катары берүү чечими кабыл алынды.
Ошону менен бирге Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карызы боюнча төлөмдөрдү кийинкиге жылдырууда кошумча төлөмдөрдү эсептебөө, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын кесепетинен убактылуу токтоп калган ишти улантуу — Кыргызстанга гранттык долбоорлорду ишке ашырууга кытайлык адистерди жөнөтүү маселеси чечилди.
"Кыргыз тарап Кытайга өлкө жетекчилигинин көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет. Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилелердин жигердүү өнүгүшүнө жана эки өлкөнүн, эки элдин кызыкчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар", - деп айтылат маалыматта.