Замир Жоошев: "Алмазбек Атамбаевде инфаркт коркунучу бар"
Алмазбек Атамбаевдин абалы инфарктка жакындап бара жатканы тууралуу маалыматты жактоочусу Замир Жоошев бүгүн, 30-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди. Учурда мурдагы президент №47 түзөтүү абагында.
Жактоочунун айтымында, Улуттук кардиология жана терапия борборундагы кардиолог, дарыгер М.Бейшенкулов 1-апрелде болжолдуу диагноз айткан. Дарыгер түшүндүргөн маалымат боюнча, Атамбаев инфаркттын алдындагы абалда.
"Алмазбек Атамбаевдин абалы 1-апрелде эле белгилүү болгон. Бирок коомчулукка чыгарбай эле болчубуз. Кечээ жолуктум. Абалы оор экен. Айтууга туура келди", - деди ал.
Ошондой эле, ал 2-апрелде нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Дюшеев текшергенин айтты.
Жактоочу Кой-Таш окуялары боюнча кезектеги отурумда сот Азирет Медеров мурдагы президенттин ден соолугунун абалын аныктоо үчүн кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындоо чечимин кабыл алганын кошумчалады.