Royal
SerepTV Logo

Азамат Исраиловдун ЖКККББ башчылыгынан бошотулганы айтылды

Азамат Исраиловдун ЖКККББ башчылыгынан бошотулганы айтылды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Маалыматка караганда, ал бүгүн, 29-февралда кызматын бошоткон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча рапорт жазган. Аталган кызматты ал 2019-жылдын март айынан бери аркалап келген. Ал эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымат бере элек.