Abank
SerepTV Logo

"Заманбап жабдуулар менен жабдылган". Министрлик Ананьеводогу стоматологиялык клиниканын абалы боюнча үн катты

"Заманбап жабдуулар менен жабдылган". Министрлик Ананьеводогу стоматологиялык клиниканын абалы боюнча үн катты
Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы стоматологиялык клиниканын абалын көрсөткөн. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/ananevodogu-stomatologiyalyk-klinikanyn-abaly-syrot/">көрсөткөн. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымат беришти.

Маалыматта аталган стоматологиялык бөлүм Ысык-Көл облусунун жалпы дарыгерлер практика борборунун курамына киргени айтылат. Имарат 1949-жылы Мамлекеттик банктын имараты катары курулуп, пайдаланууга берилген. 1989-жылы стоматологиялык бөлүм болуп аймактык оорукананын балансына өткөн. 2015-жылы жарым-жартылай капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Жыл сайын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. 2017-жылдан бери капиталдык оңдоо маселеси көтөрүлүп келет. Бирок бул үчүн акча жок.

«Имараттын начар абалына карабастан, бөлмөлөр толугу менен заманбап жабдуулар менен жабдылып, бейтаптар үзгүлтүксүз кабыл алынууда», - дешти министрликтен. Бөлүмдө алты дарыгер, үч тиш техниги жана үч медайым иштейт.