Ысык-Көлдөгү 4 жигиттин өмүрүн алган жол кырсык. Аман калган эки жигиттин абалы кандай?
12-апрель күнү саат 23:14тө Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында Михайловка айылына жакын жерде жол кырсык болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 унаалары сүзүшкөн. Алгач 19-20 жаштагы 3 жигит көз жумуп, дагы 3 жигит Түп райондук ооруканасына Тез жардам аркылуу жеткирилгени айтылган. Кийинчерээк ооруканада дагы бир жигиттин каза болгону маалым болгон.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жол кырсыктан аман калган эки жигиттин ал-абалын билүү үчүн Ысык-Көл облустук ооруканасынын башкы дарыгерине байланышты.
"Эки жигиттин бирөөсү, 2000-жылы туулган Алмазбек уулу Ынтымак жандандыруу бөлүмүндө. Абалы өтө оор. Эки буту сынып кеткен. Ал эми экинчиси, 2000-жылы туулган Турусбек уулу Баатырбек травматология бөлүмүндө жатат. Анын да абалы орто оор, эки буту сынып кеткен", - деди ал.
Ал эми редакцияга өздүк булактар каза болгон жигитердин бири Түп районунун Кең-Суу айылынын тургуну болсо, калгандары Түп айылынын жашоочулары экени, алар ошол күнү Каракол шаарына мончого бара жатканын айтышты.