Ысык-Көлдөгү пляжда жайгашкан көчмө мончо бузулуп, ордунан алынды (видео)
Ысык-Көл облусунун Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу "Азамат" пляжында жайгашкан көчмө мончо бузулуп, ордунан алынды. Бул тууралуу Экология министрлигинен билдиришти.
"5-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору талабы боюнча Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Терек айыл өкмөтүнө караштуу «Азамат» пляжында жайгашкан көчмө мончо бузулуп, ордунан алынды",- деп айтылат маалыматта.