Royal
SerepTV Logo

Ысык-Көл облусундагы "Алтын сертификаттын" ээлерине планшет белекке берилди

Ысык-Көл облусундагы "Алтын сертификаттын" ээлерине планшет белекке берилди
Бүгүн, 8-июлда "Алтын сертификатка" ээ болгон 5 бүтүрүүчүгө белектер тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Облус жетекчиси Алтынбек Сулайманов бүтүрүүчүлөргө өзүнүн атынан планшеттерди жана чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый-даректүү баян китебин тапшырды. ЖРТдан жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр:
- Азамат Саламатов, 225 балл – Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү;
- Алимбек Токтогазиев, 224 балл – Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы Э.Кендирбаев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү;
- Актилек Шекенов, 223 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;
- Төлөнбек Абдыбеков, 222 балл – Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Кут билим окуу-тарбия борборунун бүтүрүүчүсү;
- Жоомартмырза Маратов, 221 балл – Каракол шаарындагы К.Карасаев атындагы Ысык-Көл балдар лицейинин бүтүрүүчүсү.