SerepTV Logo

"Ысык-Көл" мейманканасы кимдер тарабынан тарыхый жана маданий эстеликтердин реестринен чыгарылганы белгилүү болду

"Ысык-Көл" мейманканасы кимдер тарабынан тарыхый жана маданий эстеликтердин реестринен чыгарылганы белгилүү болду
"Ысык-Көл" мейманканасын жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин реестринен чыгаруунун демилгечиси президент жана өкмөттүн иш башкармалыгы болгон. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектурадан" билдиришти. Маалыматка караганда, имарат иш башкармалыктын балансында болгон, ал жактан борбор калаанын мэриясы “Ысык-Көл” мейманканасын жергиликтүү маданияттын тизмесинен чыгаруу жөнүндө кат алган. 2020-жылдын июнь айында буга байланыштуу “Бишкек башкы архитектура” комиссия түзгөн. «Алардын негизинде, ошондой эле имарат өтө канааттандырарлык эмес абалда экендигин, андан ары эксплуатациялоого жатпагандыгын жана архитектуралык-көркөмдүк баалуулугун жоготконун эске алып, комиссия "Кыргыз реставрациясынын" корутундулары менен макул болуп, чечим кабыл алды”,- дешти алар. Комиссиянын отурумунун протоколун карап чыгып, Маданият министрлиги мэриянын объектти реестрден чыгаруу боюнча чечим кабыл алышын максатка ылайыктуу деп тапты. Эске салсак, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасын жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин реестринен чыгарылганы белгилүү болгон.  
edita