Айзаданын өлүмү. Киши колдуу болгон кыз тынчын алып жүргөн жигиттен улам 16-апрелде Түркияга учмак
Айзада Канатбекова 16-апрелде Түркияга учмак. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА агенттигине маркумдун эжеси Дамира Казбекова билдирди.
Анын айтымында, аны уурдап кетип, муунтуп өлтүргөн жаран Айзаданын тынчын алып жүргөн. Алар мурдагы жылы сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок Айзада анын психикалык жактан таза экенинен күмөн санап, аны менен сүйлөшүүдөн баш тартып, ага күйөөгө чыкпай турганын билдирген.
"Ал Айзадага тынчтык бербей жүргөн. Аны таппасын деп канча жолу үйгө алып барганбыз. Бир жолу ал аны уурдап кетүүгө аракет кылганда, Айзаданын жумушундагы башчысы көрүп, куткарып калган. Ошол окуядан кийин биз аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө көндүрө баштадык. Ал Манас университетин аяктаган үчүн түрк тилин билчү. Жакында эле түрк компаниясы менен келишим түзгөн, 16-апрелде Түркияга учмак. Унуткарып, 1-2 жыл жүрүп кел деп атканбыз», - деди ал.
Ал ошондой эле шектүү жаран буга чейин да башка кыздардын тынчын алып жүргөнү аныкталганын билдирген.
"Биз Айзаданы уурдап кетти деп соцтармактарга чыгарып, издеп баштаганыбызда, биз менен бир кыз байланышты. Ал дагы мурда Замир менен бир аз сүйлөшүптүр. Анын да тынчын алып, артынан түшүп туруп алганда, номерин "блоктоп" атып, араң кутулган экен», - дейт эжеси.