"Унааңызды бактын түбүнө токтотпоңуз". Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлөт
Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Катуу шамал учурунда:
- Унааңызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Жарнама калкандарынын жанына турбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.
https://static.xx.fbcdn.net/images/emoji.php/v9/ta9/1.5/16/260e.png" alt="☎️" width="16" height="16" /> Кырсык катталган учурда "112" номуруна байланышыңыз.