Улан Ниязбеков тажик министри менен бир нече жолу телефон аркылуу сүйлөшкөн. Эмнени талкуулашты?
ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон Хамро менен коомдук тартипти жөнгө салуу маселелери боюнча телефон аркылуу бир нече жолу сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Улан Ниязбеков Тажикстандын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамро менен телефон аркылуу Баткен облусундагы абалды турукташтыруу, чек арага чектеш аймактарда коомдук тартипти жөнгө салуу, ар кандай тартип бузууларга жол бербөө, учурдагы кырдаал мамлекеттик деңгээлде турукташтырууга багыт алып бара жаткан кезде коомдук тартипти биргелешип сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоодо кыргыз жана тажик милициясынан турган кайгуул күзөттөрүн уюштуруу, ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо маселелери боюнча бир нече жолу сүйлөшүп, биргелешип коомдук тартипти сактоо маселелери боюнча бир пикирге келишишкен.
"Мындан тышкары Улан Ниязбеков Тажикстандын ИИМдин Согди облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, милициянын генерал майору Абдулло Навджувонов менен, ошондой эле Бободжон-Гафуров, Исфара-1, Исфара-2, Расулов, Канибадам райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери менен да телефон аркылуу байланышып, чек арага жакын аймактардагы абалды турукташтыруу, коомдук тартипти сактоодо биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана эки өлкөнүн тең жарандарынын коопсуздугун сактоо багытында байма-бай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алар менен абалды турукташтыруу боюнча бир пикирге келе алышты. Учурда бул багытта да иш-чаралар жүрүүдө. Улан Ниязбеков Баткен облусундагы ички иштер органдарынын, ички аскерлердин коомдук тартип сактоодогу бардык аракеттерин координациялоодо", - деп айтылат маалыматта.