УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Баткенге кетти
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Баткенге кетти. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов билдирди.
Маалыматка караганда Таймурас Ташиев Баткенге гуманитардык жардам берүү үчүн аттанган.
"Таймурас Ташиев Баткен жергебиздеги акыркы кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам берүүнү уюштуруп, Баткенге аттанды", - деп жазды ал.