SerepTV Logo

"4400 гектар жер берип, 5100 гектар жер алдык". Ташиев Савай айылынын тургундары менен жолукту

"4400 гектар жер берип, 5100 гектар жер алдык". Ташиев Савай айылынын тургундары менен жолукту
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир нече күндөн бери Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп боз үй тигип, нааразычылык акциясына чыгып жаткан Кара-Суу районундагы Савай айылынын тургундары менен жолукту. Жолугушууга барган тургундар соцтармактар аркылуу түз эфирге чыгып жатышты. "Урматтуу тургундар, өзүңөргө белгилүү болгондой, биз Ташкент шаарында 23-25-март күндөрү кыргыз-өзбек мамлекеттер арасындагы чек араны делимитациялоо, демаркациялоо боюнча протоколго кол койгонбуз. Ошол протоколду мен сиздерге түшүндүрүп берейин, бул документ кыргыз-өзбек арасындагы жөндөө боюнча кабыл алынган. Ал жерге 35тей кызматкер барган. Бул жерде бирөө жөндөн-жөн эле жерин берип, же алып койбойт. Эч ким жерди сатпайт, сата албайт дагы. Ошондой бузукуларды укпашыңар керек. Мына мен келдим. Чындыкты өзүм айтып берем. Биз 1 сотых да жерибизди бирөөгө берген эмеспиз. Бербейбиз дагы. Протоколго ылайык, Кемпир-Абад 1972-жылы берилген маалда бул суу сактагыч бир нече деңгээлдерден турат экен. Эң негизги белгиси 908 деген белги экен. Ошондо суу толгон маалда биздин 5727 гектар жерибизди ээлейт. Биз бул жактан ошол чекти ылдыйга түшүрүүнү максат кылып барганбыз. Биз 880 менен бардык эле. Бирок андай болгон жок. 908ди 900гө эле түшүрө алдык. 908де 5700 гектарды ээлеп турса, 900дө 4400 гектар жерди ээлеп калды. 1300 гектар суудан биз жерди бошотуп алдык. 1300 гектар жер кайсы айыл өкмөттөн бошосо, ошого бөлүп беребиз. Ошондо 4400 гектар жер калганда, 1972-жылы булар бизге 4100 гектар жер берген экен. Кадамжай, Араван, Аксы, Ноокенде бар экен. Ал жерде 1000ден ашык адам жашап жатат. Бизге булар 300 гектар жер карыз болчу экен. Алар беребиз дешти. Бирок мен 300 эмес, 1000 гектар бергиле дедим. Бирок алар макул болбой жатып, 1 суткадан кийин 1000 гектар берди. Ошентип 700 гектар жер ашык алдым. Бул жерди Өзгөн, Сузак райондорунан алдым. Анткени чек ара бул аймакта элдин эшигинин алдына чейин экен. Ошол үчүн эки районго 500 гектардан берилди. Биз буларга 4400 гектар жерге 900 деген чектен суу астындагы жерди бере турган болдук. Бул жер көп жылдан бери турат. Эч пайда тапкан жокпуз. Жерди бербейбиз десек да, бул жер миң жыл турушу мүмкүн. Сууну агызабыз, жерди алабыз деген мүмкүнчүлүк жок. Болгон күндө да 100 миңдеген адамдарды көчүрүшүбүз керек. Бул мүмкүн эмес. Биз макул болдук. Ошого карабастан, 4400 гектар жер берип, 5100 гектар жер алып атабыз. Сууга киргизбей жаткан болсо, эми андай болбойт. Сууга элибиз кирип, колдонгонго болот. Мындан тышкары, булар сууну тегеретип, тосмо койбойт", - деди ал.
edita