Royal
SerepTV Logo

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун ак сакалын жайкалткан жаңы сүрөтү жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталиновдун ак сакалын жайкалткан жаңы сүрөтү жарыяланды
Социалдык тармактарга Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун азыркы күндөгү сүрөтү жарыяланды. Эске салсак, Мурат Суталинов 2006-2010-жылга чейин Улуттук коопсуздук кызматын жетектеп турган. 2010-жылы Апрель революциясында митингге чыккан адамдарга курал колдонгон жана кызматтык абалынан пайдаланган деген айып менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Суталинов бөйрөктүн 4-стадиядагы рак оорусу менен жабыркаганы аныкталып, 2019-жылы 7-майда сот залынан бошотулган.