Royal
SerepTV Logo

"Уй Шекерде союлган, ээси Көк-Сайда жашайт". Көк-Сай айыл өкмөтүнө да күйдүргүгө байланыштуу карантин киргизилди

"Уй Шекерде союлган, ээси Көк-Сайда жашайт". Көк-Сай айыл өкмөтүнө да күйдүргүгө байланыштуу карантин киргизилди
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Стамкулов менен байланышканыбызда Шекер айыл өкмөтүнө да, Көк-Сай айыл өкмөтүнө да күйдүргүгө байланыштуу карантин киргизилип жатканын айтты. "Уй Шекер айыл өкмөтүнүн аймагында багылып, союлган, бирок уйдун ээси Көк-Сай айыл өкмөтүндө жашайт. Ошондуктан айыл өкмөткө карантин киргизилди. Айыл өкмөттүн аймагынан мал чыкпайт жана мал киргизилбейт. Азырынча чектөөлөр ушундай эле", - деди ал. Буга чейин Шекер айыл өкмөт башчысы Канат Чомотоев редакциябызга Шекер айыл өкмөтүнө күйдүргүгө байланыштуу карантин киргизилгенин билдирген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/kok-saidan-chykkan-kyidyrgygo-bailanyshtuu-koshuna-sheker-aiyl-okmotyno-karantin-kirgizildi/">билдирген.