Түптө балык уулоого кеткен 65 жаштагы жаран дайынсыз болууда
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Маяк айылынын тургуну көлгө балык кармоого кетип, дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-апрель күнү саат 17:30 чамасында 1956-жылы туулган жаран көлгө балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
“11-апрель күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Түп районунун бөлүм башчысы, Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, ИИМдин 8 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 13 адам тартылды. 12-апрель күнү издөө иштери улантылат”,- деп айтылат маалымат.