SerepTV Logo

Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолу курулуп бүтөбү? Президенттин жообу

Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолу курулуп бүтөбү? Президенттин жообу
Кыргызстандагы инфраструктуралык чоң долбоор болгон Түндүк—Түштүк жолунун курулушуна байланыштуу текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бул маалыматты президент Садыр Жапаров 26-апрелде АКИпресс агенттигинин журналисттери менен болгон маек учурунда билдирди. Өлкө башчы белгилегендей, бул жол Кыргызстандын эли үчүн өтө маанилүү. Аны аягына чыгаруу аракеттери көрүлөт. «Түндүк—Түштүк жолун азыр бир сыйра текшерип чыгалы деп жатабыз. Канча акча келген, канча пайызга бүткөн, кайсы деңгээлде экенин текшерүүдөн өткөрүп, тактап алып анан айтпасак, азыр айтыш кыйын. Бирок аны сөзсүз түрдө аягына чыгарабыз. Анткени түндүк менен түштүктү байланыштырган эң кыска жол ушул Түндүк—Түштүк альтернативдүү жолу болот. Азыр Бишкек—Ош жолу 10 саат убакытты алса, Түндүк—Түштүк жолу менен Балыкчыга чейин 4 саатта келебиз. Ошондуктан стратегиялык маанидеги жол. Аны аягына чыгарабыз. Быйыл болбосо кийинки жылы, кийинки жылы болбосо 3-4 жылдан кийин мүмкүнчүлүгүбүз болгондо аягына чыгарабыз», - деди Садыр Жапаров.