Турсунбек Акун: "Аткаминерлер өзүлөрү жегени аз келгенсип, "бөлтүрүктөрүн" өстүрүп атышат"
Элдин бийликке деген ишеничи төмөндөп кеткен. Эми ал ишеничти кайтаруу үчүн көп эмгек керек. Бул тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акун "Биринчи радионун" эфиринде угармандын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн бийлиги бир колго топтолуп жатат. Ошондой эле азыркы бийликтин колу жер-жерлерге жете элек.
"Мени кошоматчылык кылып жатат деп ойлобоңуздар. Бирок бийлик келип, акимдерге аттестация өткөрдү. Аттестациядан көбү өтпөй калды. Тааныш-билиш балким шаарда бар. Жер-жерлерге азыркы бийликтин колу жете элек. Азыр президенттин жарлыгы менен кызматка отуруп алгандар четинен кетип жатышат. Анткени алар эч нерсе билишпейт. Негизинен туугандарды, балдарын кызматка алып келген туура эмес. Бул эми президенттен көз каранды болот. Өлкөнүн бийлиги бир колго топтолуп жатат. Туугандарын алып келип алгандарды жазалаш керек. Аткаминерлер өзүлөрү жегени аз келгенсип, "бөлтүрүктөрүн" (ред. балдарын) өстүрүп атышат. Бул такыр эле туура эмес көрүнүш", - деди ал.