"Турмушка чыгып кеттим". Дайынсыз болуп жаткан келин кайненесине чалды
Ысык-Көл облусунда изделип жаткан 23 жаштагы келин табылды. Бул тууралуу анын кайын энеси билдиргенин "Турмуш" жазды.
Изделип жаткан келин күйөөсү жана 1 жаштагы кызы менен Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында жашачу. 5-апрель күнү курбусу менен тиш дарылатканы Балыкчы шаарына кетип, ошол боюнча келген эмес. Кайын-журту аны издеп, соцтармактарга жарыялап, милицияга арыз жазышкан.
«Бүгүн өзү телефон чалып, “мен Жумгалдын тургунуна күйөөгө тийип кеттим” деп айтты. Мен арызымды алган жокмун. Милиция кызматкерлери ошол номурду сурап, Жумгал районуна барып алып келебиз дешти», - деген кайненеси.
Белгилей кетсек, жубайлар 2019-жылы баш кошушкан.