Төрага Талант Мамытов "Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн" медалы менен сыйланды
Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) Кеңешинин жыйындарынын алкагында аталган Парламенттер аралык ассамблеянын кеңешинин төрайымы, Орусия Федералдык жыйынынын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңешининтөрагасы Талант Мамытовду КМШ ПААнын "Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн" медалы менен сыйлады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул сыйлык парламентаризмди, моделдик жана улуттук мыйзамдарды өнүктүрүүгө, демократияны жана конституциялык түзүлүштү бекемдөөгө, КМШ мамлекеттеринин жарандарынын укугун жана эркиндигин камсыздоого кошкон салымы үчүн КМШга мүчө мамлекеттердин парламент депутаттарына, мамлекеттик-коомдук ишмерлерине жана жарандарына, кызмат адамдарына жана тиешелүү органдарынын кызматкерлерине, ошондой эле башка эл аралык уюмдарда кызмат кылгандарга тапшырылат.