Тоң районунда томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болушту
Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүндө жашаган эки томолой жетим бала турак жай куруу үчүн ар бири 0.15 гектар жер тилкелерин алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Турак жайы жок өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо максатында, Тоң райондук прокуратурасы тарабынан аталган райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын наамына прокурордук акты киргизилген. Аны кароонун жыйынтыгы менен 23-мартта Көл-Төр айыл өкмөтүнүн чечимдери менен жогорудагы өспүрүм балдарга жер тилкелери бөлүнүп берилген жана аларга карата ээлик кылуу укугун күбөлөндүргөн мамлекеттик актылар алынды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, томолой жетимдер жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар кезексиз түрдө турак жай же жер тилкелери менен камсыз кылынууга тийиш.