SerepTV Logo

Токтогул суу сактагычындагы суу бир айда 720 миллион метр кубга азайды

Токтогул суу сактагычындагы суу бир айда 720 миллион метр кубга азайды
Бүгүн, 7-апрелге карата өлкөдөгү эң ири Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти. "Бүгүн, 7-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 585 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 156 метр куб, агып чыгышы 431 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан. Мындан бир ай мурун суу сактагычта 9 миллиард 305 миллион метр куб суу бар болчу.
Unknown Author