Ташкенттен Тамчыга учак учуп баштады
Ташкент-Тамчы багыты боюнча үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарын аткара баштады. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" билдирди.
Каттамдар 22-июндан тарта аткарыла баштады жана 2025-жылдын 10-августуна чейин жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.
"Бул багытта каттамдардын ачылышы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы ыңгайлуу жана жеткиликтүү авиакаттамдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрөт",- деп айтылат маалыматта.