Талкууга түшкөн тиктокчу Мээрим: "Айына 130-150 миң сом коротом"
Социалдык тармактарга Жогорку Кеңештин вице-спикери " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/sayasat/al-menin-kyzym-emes-jogorku-keneshtin-vicze-spikeri-atam-dep-syrotyn-jaryyalagan-kyzdyn-bildiryysy-boyuncha-yn-katty/">Нурбек Сыдыгалиевдин кызымын деген видео ТикТок тармагы аркылуу тарап, талкуу болгон. Кымбат баалуу унаа, кийимдерди эл көзүнө чыгарган тиктокчу Мээрим жашоо образы тууралуу SuperTV каналына берип жатып, айына 130-150 миң сом короторун билдирди.
"Мага "айына канча акча коротосуң?" деп орто катмардагы үй-бүлөдө жашагандар көп суроо берет. Кечиресиңер го, бирок чынында эле жашоо шартына карап адамдар бөлүнөт. Айына мага 130-150 миң сом кетет. Бул акчаны мен тамак-ашка, таксиге, сулуулук салонуна коротом. Тамактануучу жайларга сиңдим менен кирсем, бир жолкуга 5000-6000 сом акча кетет. Андан тышкары учурда такси менен жүрөм. Таксиге күнүнө 2000-2500 сомдун тегерегинде акча керектелет. Комфортто жашоо үчүн бардык шарты бар батир ижарага алам. Ал деле аз акча болбойт", - дейт Мээрим.