SerepTV Logo

Таластык жаштарга кыз ала качууга кандай жаза каралганын айтып беришти

Таластык жаштарга кыз ала качууга кандай жаза каралганын айтып беришти
Таласта студенттерге кыз ала качуу кылмыш экенин түшүндүрүштү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча ар кандай маселелерди камтыган тегерек столго шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, студенттер, Акыйкатчынын Талас облусу боюнча өкүлү Жакшыгүл Узакбаева, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун Талас облусундагы өкүлчүлүгү  катышышты. Тегерек столдун башталышында атайын даярдалган видеоролик көрсөтүлүп, студенттер аразында кызуу талкуу болду. Студенттердин суроолоруна компетенттүү адамдар жооп берип, кыз ала качуу кылмыш экендиги жөнүндө кенен түшүндүрмө беришти. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мыйзам боюнча ала качууга кандай жазалар каралганын, укуктук тартип боюнча кандай чара көрүш керек экендиги жөнүндө маалыматтарды берип, студенттердин ар бир суроосу жоопсуз калган жок. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери адам укуктарына каршы жасалган кылмыштар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Тегерек столдо ар кандай маселелер көтөрүлүп, жаштар кылмыштуулукка каршы жана ар бир адам бактылуу болууга акысы бар экендигин билдиришти. Облус аймагында кыз ала качууну алдын алуу жана болтурбоо боюнча профилактикалык иш-чаралар уланууда. [gallery columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="39479,39480,39481,39482"]
Unknown Author