Таласта ойноп жаткан жеринен жоголгон 2 жаштагы баланы издөө иштери токтотулду
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында Талас дарыясына түшүп кеткен 2019-жылы туулган баланы издөө иштери токтулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Баланын атасы ӨКМдин Талас облустук башкармалыгынын шаардык жана райондук кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөнүн, суучул куткаруучулар 10 күндүн ичинде 35 чакырым алыстыкта издешкенин айтты. Бүгүн баланын ата-энеси тил кат жазып, издөө иштерине эч кандай доосу жок экенин билдиришкен.