SerepTV Logo

Таласта ойноп жаткан жеринен жоголгон 2 жаштагы бала дагы эле табыла элек

Таласта ойноп жаткан жеринен жоголгон 2 жаштагы бала дагы эле табыла элек
Талас дарыясына чөгүп кеткен 2 жаштагы баланын сөөгүн издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. "Бүгүн, 20-апрелде жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Талас шаардык өрт куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Бакай-Ата райондук өрт куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Кара-Буура райондук бөлүмдөн 6 куткаруучу жана суучулдар кызматынан 5 суучул, жалпы 22 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылыган. 19-апрелде кеч киргендигине байланыштуу жана натыйжа болбой, саат 19:10до издөө иштери убактылуу токтотулган", - деп айтылат маалыматта. 12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу баласы үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.