Royal
SerepTV Logo

Таласта күйдүргүгө шектелип 4 адам ооруканага жаткырылды

Таласта күйдүргүгө шектелип 4 адам ооруканага жаткырылды
Кара-Буура районунда 4 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Кара-Буура ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 4 адам күйдүргүгө шектелип жаткырылган. 12-июль күнү алардан анализ алынган, азырынча лабораториялык жактан күйдүргү тастыктала элек. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бул боюнча өз багытында иш алып барууда", - деп билдиришти министрликтен.