Таласта да митинг. Алардын нааразычылыгы эмнеде?
Бүгүн, 28-апрель күнү өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында адамдар топтолуп, облус жетекчисинен жолугууну талап кылышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Келгендердин биринин айтымында, 9-май – Жеңиш күнүнө карата улуттук оюндар Талас облусунда өтмөк болгон. Бирок ал чечим өзгөртүлүп, оюндар Ош облусунда өтө турган болгонуна нааразы.
«Биз бүгүн бул жерге чогулуп келгенибиздин себеби, 15-апрель күнү Бишкек шаарында улуттук спорт оюндары дирекциясы тарабынан атайын жобо иштелип чыгып, анда 9-май – Жеңиш күнүнө карата улуттук оюндар боюнча спорттук иш-чаралар Талас облусунда өтөт деп бекитилген. Ага бардык облустардын өкүлдөрү кол коюшкан. Бирок кандайдыр бир себептер менен кечээ бул жобо өзгөрүп, оюндар Ош облусунда өтөт деп, бөлүнгөн каражаттарды ошол жакка которуп койгон экен. Ал эмненин негизинде өзгөрдү? Таласта өтө элек болчу. Биз бул жакта даярдыктарды баштап, аттарыбызды даярдап, программа менен отурдук эле. Учурда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө келдик. Ал киши аркылуу үнүбүз жетер деп жатабыз», - дешти чогулгандар.