Royal
SerepTV Logo

Таласта 23 жаштагы келин төрөттөн көз жумду

Таласта 23 жаштагы келин төрөттөн көз жумду
Таласта 23 жаштагы келин төрөттөн көз жумду. Маалыматты Талас ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-январында милицияга Талас районундагы дарыгерлер борборунан маалымат түшкөн. Анда саат 07:18 чамасында Кара-Ой алынын 2001-жылы туулган тургуну Чат-Базар аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жумганы айтылган. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү башталып, жерине топ барган. Ошондой эле Кара-Ой айылынын 1993-жылы туулган тургунунан арыз түшкөн. Ал 3-январда саат 06:00 чамасында жубайын төрөтканага алып барганын, каза болуп калганын айткан. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми каза болгон келинге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.