SerepTV Logo

Таласта 2 жашар бала изделүүдө. Милиция табышууга жардам сурайт

Таласта 2 жашар бала изделүүдө. Милиция табышууга жардам сурайт

Талас облусунун Бакай-Ата районунда 2 жашар бала дайынсыз болуп изделүүдө. Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, наристе үйдүн короосунда ойноп жаткан жеринен табылбай калган.

Маалым болгондой, 12-апрелде саат 17:30 чамасында Бакай-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Өзгөрүш айылынын тургуну саат 15:30 чамасында 2019-жылы туулган Рамзан Айткулов аттуу баласы үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, белгисиз себептер менен жоголуп кеткендигин билдирген.

"Чоң энеси менен апасы кир жууп, бала алардын жанында ойноп жаткан. Жарым сааттан кийин эле алар  Рамзанды издеп таппай калышкан. Баланы издөө иштерине Бакай-Ата РИИБинин 80ден ашык кызматкерлери, 6 куткаруучу, айыл тургундары тартылып, Кара-Суу жана Талас дарыясын бойлоп издешти. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн", - дешти мекемеден.

Учурда издөө иштери улантылууда. Талас ОИИБи 2 жаштагы баланы көргөн билгендер болсо, кабарлашып жардам берүүңүздөрдү суранат. Байланыш номерлери: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153 же 102.

Unknown Author