SerepTV Logo

Талантбек Солтобаев транспорт министринин орун басары кызматынан бошотулду

Талантбек Солтобаев транспорт министринин орун басары кызматынан бошотулду
Талантбек Солтобаев транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылдын 23-апрелинде кол койгон. Министрдин орун басары кызматына Нурланбек Кайынбаев дайындалды. Ал бүгүн, 26-апрелде Транспорт министрлигинин эмгек жамаатына тааныштырылды.