Тажик тарап миномёт, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты
Бүгүн, 29-апрелде саат 14:00дө Тажикстан Республикасынын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномёт, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Уларбек Шаршеев окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.