Тажик жарандары кыргыз айылынын башчысын барымтадан бошото элек
Тажик жарандары тарабынан барымтага алынган Лейлек районунун Интернациональное айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев Тажикстандын аймагында экендиги аныкталды жана ал барымтадан бошотула элек. Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук милициясынын маалымат катчысы тастыктады.
Анын айтымында, учурда Ички иштер министрлиги Тажикстандын күч структуралары менен Мырзабек Жумабаевди барымтадан бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
29-апрель күнү Интернациональное айылындагы кыргыз жарандарына тиешелүү болгон "Жилой дом" участкасындагы кыргызстандыктардын турак жайларын тажик аскерлери ээлеп алган. Ошол участкага жакын аймакта эки кыргызстандык каза болгондугун тактоо максатында Интернациональное айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев барган учурда тажик жарандары аны барымтага алган.
Бул факты боюнча Лейлек райондук милициясы Жазык кодексинин 380-беренесине ("тынчтыкка каршы кылмыштар") ылайык сотко чейинки өндүрүштү баштап, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады.