Abank
SerepTV Logo

"Таенесине таарынып, үйдөн чыгып кеткен". Чүйдө изделип жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдөн табылды

"Таенесине таарынып, үйдөн чыгып кеткен". Чүйдө изделип жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдөн табылды
Туугандары издеп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдө жүргөн. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 8-август күнү Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 2007-жылы туулган тургуну таенесине таарынып үйдѳн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Жакын туугандары кызды издеп, анын телефону аркылуу анын кайсыл жакта экенин аныкташып, Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден-соолукту чыңдоочу жайынын директоруна чалып небересин издѳѳсүнѳ кѳмѳк кѳрсѳтүүсүн ѳтүнгѳн. Ал эми ден-соолукту чыңдоочу жайдын директору ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлерине маалымат берип, полктун кызматкерлери кыздын таенеси менен телефон аркылуу сүйлѳшүп, кыздын сүрѳтүн алышкан. 10-август күнү болжол менен түнкү саат 00:30дар чамасында полктун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын прапорщиги Алтынбек Эралиев жана милициянын старшинасы Исмамадин уулу Мелис таенесине таарынып, үйдѳн чыгып кеткен ѳспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан таап, Чолпон-Ата шаарынын жаш ѳспүрүмдѳр менен иштѳѳ инспекциясынын инспекторуна ѳткѳрүп беришкен.