Сузакта төрт адамдан турган мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө үй куруп беришти (сүрөт)
Сузак районунда оор турмуштук кырдаалга туш болгон мүмкүнчүлүгү чектелген төрт адамдан турган үй-бүлөгө үй куруп беришти. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн тургуну Калбү Нышанбаева жана анын эки баласы жана небереси майып. Алардын өз үйү болгон эмес. Айыл өкмөтү жер бөлүп, жеке инвестор төрт бөлмөлүү үй салып берди», - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="131554,131555,131556"]