Сузакта 5 балалуу жаш келин өмүрүн кыйды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24 жаштагы келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 23-апрелде саат 19:30 чамасында Таш-Булак айылында 1996-жылы туулган келин өзүнүн сарайында асынып алган абалда табылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Келиндин 5 баласы бар болчу.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө каза болгон келиндин ата-энеси кызынын асынып, өмүрүнө кол салуусуна күйөө баласы күнөөлүү экендигин билдиришип, милицияга арыз менен кайрылышкан. Каза болгон келиндин күйөөсүнүн окуяга канчалык деңгээлде катыштыгы бардыгы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Учурда тергөө иштери уланууда.