Сулайман-Тоодо өз жанын кыюуга аракет кылган келин мындай кадамга барган себебин түшүндүрдү
24-июнь күнү ӨКМдин кызматкерлери Сулайман-Тоодон боюн таштоону көздөгөн 27 жаштагы аял киши куткарылганын билдиришкен. Куткарылган жаран 27 жаштагы Төлөйкөн айылынын тургуну экендиги аныкталган" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/oshto-27-jashtagy-kyz-sulaiman-toodo-oz-janyn-kyyuuga-araket-kyldy-video/">аныкталган.
27 жаштагы келин Айгерим Эмилбек кызы Оштогу маалымат жыйында мындай кадамга бараган себебин түшүндүрдү. Анын айтымында, жолдошу 4 баласын көрүүгө уруксат бербей жатат. Келиндин ата-энеси ал кичинекей кезинде эле ажырашып кетишкен. Ал тай энеси менен тай атасынын колунда чоңойгон. 17 жашында өзүнөн 10 жашка улуу жигитке турмушка чыккан. 8 жыл чогуу жашап, 2 кыз, 2 уулдуу болушкан.
Келин буга чейин 3 жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып жүргөнүн айтты. Ал ажырашам дегенде жолдошу балдарды мындан ары көрбөй турганын айткан. Жалал-Абад шаардык сотунда ажырашуу процесси жүрүп жатат. Жолдошу келинден алимент чегерүү үчүн арыз жазган.
Ал эми келиндин жолдошу бул маалыматтарды четке каккан. Анын айтымында, келинчеги кошунасынын 1 миллион сомго бааланган буюмун уурдоо боюнча кылмышка шектелип, соттук иш уланып жатат. Ал соттун чечимин күтүп жатканын айтты. "Эгер сот көрсөт десе, көрсөтөм, жок десе, жок. Соттун чечимин күтүп жатам", - деген ал.